Органикалык айыл чарбасын жургузуу боюнча семинар

2022-жылдын 12-майында Жалал-Абад облусунун Ноокен районуна караштуу Бүргөндү айылында Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин Органикалык айыл чарба департаменти тарабынан уюштурулган фермерлердин потенциалын жогорулатуу, мүмкүнчүлүктөрү, артыкчылыктары жөнүндө бөлүшүү жана бардык кызыкдар тараптарды органикалык айыл чарба өндүрүшүн туура жүргүзүүгө багыттоо максатында окуу-семинар болуп өттү. Семинарга Жалал-Абад облусундагы Экономика жана Регионду Комплекстүү Өнүктүрүү боюнча бөлүм башчысы Ызабеков Ы. Т., Органикалык Айыл Чарба Департаментинин жетекчиси Турсуналиев С., органикалык, экологиялык продукция өндүрүүчүлөр, Органикалык айыл чарба департаментине катталган пилоттук чарбалар, “Био Сервис” коомдук фондунун жалпы кызматкерлери жана аймактардын дыйкандары катышышты. Анда фермерлер органикалык айыл чарбасын жүргүзүү боюнча кеңири маалыматка ээ болушуп, кызыккан суроолоруна жооп алышты. Ошондой эле фермерлер үчүн ыңгайлуу болгон жаңы сезондук биолабораториянын ачылышы болду. Кооперативдин алдыңкы фермерлери сыйлыктар менен сыйланды.
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин Органикалык айыл чарба департаментинин максаты органикалык айыл чарбасын өнүктүрүү, айылдык товар өндүрүүчүлөр үчүн жогорку сапаттагы жана экологиялык таза органикалык айыл чарба азыктарын өндүрүүгө, аларды жакынкы жана алыскы чет өлкөлөргө экспорттоону көбөйтүүгө ыңгайлуу шарттарды түзүү болуп эсептелет.