Айылдык кызмат көрсөтүүчүлөр үчүн конкурс!

ЖАРЫЯ! ЖАРЫЯ! ЖАРЫЯ!
Органикалык айыл чарба багытында иштеген,туура тамактануу боюнча тренингдерди өтө алган, топтун биримдигин түптөй алган (топто 20 адам болушу керек) , өздөрүнүн тажырыйбасын, аткарылып жаткан иштерди долбоордун алкагында башкалар менен платформа желесинде бөлүшүүгө мүмкүнчүлүгү жана жөндөмү бар айылдык кызмат көрсөтүүчүлөр катыша алат.
Топтун аткарып жаткан иштерин жакшыртуу, алдыга жылдыруу үчүн долбоор жазып катышууга мүмкүнчүлүк бар. Долбоордун жалпы суммасы 13000 сомго чейин.
Долбоорго кирген аймактар: Сузак, Базар-Коргон, Ноокен, Аксы, Ала-Бука, Токтогул райондору.
Долбоорду ишке ашырууга карата: 3-4 күндөн 3 жолу окутуу, 10 жолу вебинарга үзгүлтүксүз катышуу зарылчылыгы бар.
Долбоордун мөөнөтү: 2019-жылдын май айынынан 2020-жылдын ноябрь айына чейин.
Заявкалар 2019-жылдын 17-майына чейин кабыл алынат. (Заяканын формасын төмөнкү
ссылка аркылуу алсаңыздар болот https://cloud.mail.ru/public/3Pre/QbRYG2bMq).
Жарыяланган конкурс боюнча артыкчылыкка ээ болгон талапкерлер атайын түзүлгөн комиссиянын кароосу менен тандалып алынат.
Долбоорду төмөнкү дарекке жөнөтүлөт:
Жалал-Абад шаары, Жамашев көчөсү,2
“Био Сервис” Коомдук Фонду. Тел:03722 40279
Электрондук дарек: manager@bioservice.kg