“Ысык-Көл Органика” кооперативи

БУУнун азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун(ФАО) колдоосу менен “Органикалык азыктардын кошумча нарк чынжырчасын түзүү” долбоорунун алкагында Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун “Боз-Учук” айылындагы органикалык дары чөптөрдү өстүрүүчү “Ысык-Көл Органика” кооперативинин жетекчиси Сонунгүл Жылтырова кайра иштетүчү цех жана валериана өскөн талаа менен тааныштырды.