Ак-Суу районунун “Боз-Учук” айылында тренинг өткөрүлдү

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун “Боз-Учук” айылындагы органикалык дары чөптөрдү өстүрүүчү “Ысык-Көл Органика” кооперативинин багыттуу тобуна 13-июнь 2023-жылы “Био Сервис” коомдук фондунун тренерлери тарабынан “Органикалык айыл чарбасын жургүзүүдөгү органикалык стандарттын талаптары”боюнча тренинг өткөрүлдү. Бул тренинг БУУнун азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун(ФАО) колдоосу менен “Органикалык азыктардын кошумча нарк чынжырчасын түзүү” долбоорунун алкагында өткөрүлдү. Катышуучулар Кыргызстандагы органикалык саясат, мыйзамдар, органикалык продукцияны Евро Биримдиктин стандартынын талаптарына ылайык өндүрүү боюнча маалымат алышты. Ошондой эле тренингте Органикалык айыл чарба департаментинин Ысык-Көл территориялдык башкармалыгынын жетекчиси Касымова Кыял биологиялык каражаттар боюнча маалымат берди.
Ак-Суу районунун бир катар Боз-Учук, Маман, Ичке-Жергез, Ак-Булун айылдарында валериана дары өсүмдүгүн өстүрүү кургатуу жана сатуу жолго коюла баштады. Катышуучулар өндүрүү жана сатуудагы көйгөйлөрдү чечүүдө органикалык чарба жүргүзгөн фермерлерге субсидия, жеңилдетилген кредиттер берилсе көбүрөөк көлөмдө өстүрүп кирешени жогорулатууга мүмкүндүк болоорун, картошкага караганда кирешелүү экендигин, Органикалык айыл чарба Департаментинин өндүрүш каражаттарын пайдаланууга кызыктар экендиктерин билдиришти.