ФАОнун “Органикалык азыктардын кошумча нарк чынжырчасын түзүү” долбоорунун Аксыдагы тренинги

Аксы районунун Күлүк-Дөбө айылындагы органикалык кайналы өстүрүп, как даярдоочу багыттуу топко БУУнун азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун(ФАО) колдоосу менен ишке ашырылып жаткан “Органикалык азыктардын кошумча нарк чынжырчасын түзүү” долбоорунун алкагында 7-июнь 2023-жылы “ Органикалык айыл чарбасын жургүзүүдөгү органикалык стандарттын талаптары”боюнча окутуу өткөрүлдү. Кыргызстандагы органикалык саясат, мыйзамдар жөнүндө, оганикалык продукцияны Евро Биримдиктин стандартынын талаптарына ылайык өндүрүү боюнча маалымат алышты. Катышуучулар өндүрүү жана сатуудагы көйгөйлөрдү чечүү жолдору, Органикалык айыл чарба Департаментинин Жалал-Абад областтык филиалынын өндүрүш каражаттарын пайдалануу боюнча кызыктар экендиктерин билдиришти.