Берен кооперативинин фермерлерине тренинг өтүлдү

«Төө буурчакты эл аралык органикалык сертификациялоо» долбоорунун алкагында Талас облусундагы «Берен» кооперативинин фермерлерине «Төө буурчакты жыйноодо, сактоодо, ташууда жана кайра иштетүүдө коюлган органикалык талаптар»- деген темада окуу өтүлдү.
ЮСАИД уюмунун колдоосунда ишке ашырылып жаткан долбоордо «Берен» кооперативинде 75 био фермер органикалык сертифакициядан өтүп жатышат.