ФАОнун “Органикалык азыктардын кошумча нарк чынжырчасын түзүү” долбоорунун Кара-Алмадагы тренинги

БУУнун азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун(ФАО) колдоосу менен ишке ашырылып жаткан “Органикалык азыктардын кошумча нарк чынжырчасын түзүү” долбоорунун алкагында 2023-жылдын 1-июнунда Сузак районунун Кара-Алма токой чарбасында “Ишкер KG” кооперативинин мүчөлөрүнө “Органикалык чарба жүргүзүү,Евро Биримдиктин органикалык стандартынын талаптары” темасында тренинг болуп өттү. Окууну “Био Сервис” КФнун тренерлери Болотбек Жолдошов жана Буажар Раимкуловалар өтүштү. Ошондой эле тренингте Органикалык айыл чарба департаментинин Жалал-Абад территориялык башкармалыгынын башкы адиси Нурмамат Маматжанов биологиялык каражаттар боюнча маалымат берди.