Ишкер Кей Джи» кооперативин «Органикалык Сертификат» алышы менен куттуктайбыз!

Жалал-Абад облусундагы жаңыдан эле түзүлгөн «Ишкер Кей Джи» кооперативи Сузак, Базар-Коргон, Ноокен райондорунда токой азыктарын органикалык стандарттардын талаптарын сактоо менен жыйноо, ташуу, кайра иштетүү боюнча 300 дөн ашык токой пайдалануучулар менен иш алып барды. Алгач маалымат жыйындарын өткөрдү, «Био Сервис» уюму тарабынан «Органикалык стандарттын талаптары», «Органикалык токой азыктарынын сапатын камсыздоо» темаларында окутуулар өткөрүлдү. Ички көзөмөл системасы аркылуу алгачкы сертификациялык документтерди даярдоо менен октябрь айынын башында «Органик Стандарт» Сертификациялык Агентствосу тарабынан инспектор келип токой азыктары өскөн аянттардан баштап, терүү, чогултуу, сактоо, кайра иштетүү бардык товардык чынжырчаларды текшерип натыйжада аткарылган иштерди баалоо менен органикалык сертификат берди.
Бул иштерди аткарууда ЮСАИД, ЭЛСОФП, КАФЛУ- Кыргыз токой пайдалануучуларынын жана жер пайдалануучуларынн ассоциациясы уюмдары тарабынан колдоо көрсөтүлдү. Бул уюмдарга ыраазычылык билдиребиз!
«Ишкер Кей Джи» кооперативин «Органикалык Сертификат» алышы менен куттуктайбыз, органикалык токой азыктарын чет өлкөгө таанытып, иштери илгерилей берсин!