ФАОНУН “БИР ӨЛКӨ-БИР ПРИОРИТЕТТҮҮ ПРОДУКТ” (OCOP) ПРОГРАММАСЫ

ФАОНУН “БИР ӨЛКӨ-БИР ПРИОРИТЕТТҮҮ ПРОДУКТ” (OCOP) ПРОГРАММАСЫ

«Кыргызстандагы жаңгак-мөмө токойлорун пайдалануучулардын билимин жана потенциалын чыңдоо» долбоору

Долбоор — жаңгак токой пайдалануучуларга токой ресурстарын туура пайдалануу, жаңгак токоюн калыбына келтирүү, ошондой эле жаңгактарды туура жыйноо жана кайра иштетүү боюнча окууларды өткөрүү максатында ишке ашырылды. Багыттуу райондор жана айылдар: Базар-Коргон районунун Арстанбап, Каба айылдары жана Сузак районунун Кара-Алма айылы.

“Био Сервис’’ Коомдук фондунун тренер-консультанттары тарабынан төмөнкү темалар боюнча тренингдер жана консультациялар өткөрүлдү.
Агротокойчулук боюнча:
1. Өсүмдүктөрдүн илдеттерине жана зыянкечтерине каршы күрөшүүнүн биологиялык ыкмалары
2. Малина жана кара бүлдүркөн өстүрүү
3. Агротокой чарбасынын экономикалык анализи

Питомниктерди өстүрүү боюнча:
1. Үрөн жана топурак даярдоо
2. Отургузуу жана көчөттөрдү өстүрүү техникасы
3. Зыянкечтерден жана оорулардан коргоо
Бардыгы болуп 141 токой пайдалануучу окутулду.
Долбоор алкагында “Токой ресурстарын башкаруу, жаңгак токойлорун калыбына келтирүү, жаңгакты туура чогултуу жана аны кайра иштетүү боюнча сунуштарды жана пландаштырылган кийинки кадамдарды белгилөө” деген темада тегерек стол өткөрүлдү. Иш чарага негизги мамлекеттик жана коомдук структуралардын өкүлдөрү, ошондой эле токой ресурстарын түздөн-түз пайдалануучулар катышты.
Ошондой эле “Био Сервис” коомдук фонду тарабынан агротокойчулук боюнча “Питомник” аттуу басылма окуу материалы ишелип чыкты.

Без заголовкаБез заголовка-Без заголовка.:pngБез заголовка.:.pngБез заголовка--Без заголовБез заголоБез загоБез заголовк