АЛЗК «Токой пайдалануучуларды жана токой продукцияларын кайра иштетүүчүлөрдү органикалык сертификациялоого даярдоо» долбоору
Аталган долбоордун алкагында «Био Сервис» коомдук фонду, «Ишкер-Кей Джи» кооперативи жана жеке ишкер Садык Жээнбаев менен биргеликте төмөнкү негизги багыттарды ишке ашырышты:
• Кара-Алма, Кудук, Арстанбап, Каба, Акман, Кызыл-Үңкүр айылдарында токой пайдалануучулардын топтору түзүлдү
• Ишке-Кей Джи кооперативине жана жеке ишкер Жээнбаевге ИКС (Ички көзөмөл системасы) боюнча көрсөтмөлөр жана формалар иштелип чыкты
• Органикалык талаптар боюнча жапайы токой продукцияларын жыйноо боюнча токой пайдалануучулар үчүн инструкциялар өтүлдү
• Токой пайдалануучулардын маалыматтар базасы түзүлдү
• Токой пайдалануучулардын аймактары картага түшүрүлдү
• Жапайы өсүмдүктөрдүн ички көзөмөл системасы ишке ашырылды
• ЕБ органик стандартынын талаптарына ылайык органикалык сертификациялоонун эл аралык аудити коштолду.
“Био Сервис” коомдук фондунун адистери токой пайдалануучуларга жана кайра иштетүүчүлөргө биринчи деңгээлдеги ички аудитти жүргүзүштү. Текшерүүнүн жыйынтыгы документтештирилип, Ишкер-Кей Джи кооперативинин жана жеке ишкер Жээнбаевдин маалымат базасына киргизилди. Жалпысынан 404 токой пайдалануучу текшерилип, текшерүүнүн негизинде Ишкер-Кей Джи кооперативине EB 848/2018 регламентине ылайык органик сертификаты берилди.









