“Жалал-Абад Органик – 2026” форуму

🎤Июль айынын 28де Манас шаарында Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын
11-февралындагы №40 “Органикалык айыл чарбанын улуттук күнү жөнүндө” Жарлыгынын негизинде Жалал-Абад Органик – 2026” форуму болуп өттү.

🎤Иш чараны Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев ачып, органикалык айыл чарбаны өнүктүрүү өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыздоодо, калктын ден соолугун сактоодо, айлана-чөйрөнү коргоодо жана айыл аймактарын туруктуу өнүктүрүүдө өзгөчө мааниге ээ экендиги жөнүндө айтып өттү.

🎤Форумга Борбордук Азиянын Багбандар союзунун төрагасы Абдулла Ташиев, агрохолдингдин негиздөөчүсү, “Бай Элим” компаниясынын башкы директору Рысгүл Акимжанова, “Био Сервис” коомдук фондунун директору Гүлзада Кудайбердиева, “Салих и Ко” компаниясынын директорунун орун басары Хусниддин Кадыров, “Айыл Дан” фермердик чарбасынын жетекчиси Абдымырза Токтогулов, ошондой эле мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, айыл чарба өндүрүүчүлөрү, дыйкан-фермерлер жана ишкерлер катышты.

🎤Форумдун алкагында спикерлер тарабынан органикалык айыл чарбасын өнүктүрүү, заманбап технологияларды жайылтуу, өндүрүлгөн продукциянын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу жана тармактагы кызматташтыкты кеңейтүү маселелери талкууланды.

🎤Ошондой эле иш чарада органикалык чарбаны өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн «Био Сервис» коомдук фондунун директору Кудайбердиева Гүлзада  жана «Био Сервис» коомдук фондунун окуу бөлүмүнүн башчысы Раимкулова Бүажар ардак грамоталар менен сыйланышты.